• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБдеги авария. «Электр станцияларынын» мурдагы башкы директору жана анын орун басары кармалышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. ЖЭБдеги авария фактысы боюнча «Электр станциялары» ААКнын мурдагы башкы директору жана анын орун басары кармалышты. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

«2018-жылдын 17-апрелинде Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары «Электр станциялары» ААКнын мурдагы башкы директору, учурдагы Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов жанан боюнча «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Назаров кармалды», -деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына киргизилишти.

Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий