• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авария: Имараттын абалы 2015-жылдан бери канаттандыраарлык эмес

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу соттук отурум өтүүдө.

Отурумдун алкагында от жагуучу цехтин жетекчисинин орун басары Вячеслав Николайчев суралууда.

Ал билдиргендей, 2015-2016-жылдары ЖЭБде бир нече жарылуулар болуп, имарат ушундай канаттардыраарлык эмес абалга келген. Андан тышкары терезелер да сынган.

“Биз бир катар иш каттарды жазганбыз, бирок жетекчилик эч кандай чечим кабыл алган эмес”, - дейт Николайчев.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий