• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБдеги авария: Оңдоп-түзөөдө артыкчылык имаратка эмес, жабдыктарга жасалган – мурунку инженер

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек ЖЭБде болгон авария тууралуу кезектеги отурумун өткөрүүдө.

Сурак алынган күбөлөрдүн бири Бишкек ЖЭБдин оңдоп-түзөө жана электрондук-техникалык жабдыктарды колдонуу боюнча башкы инженердин (ошол кездеги) орун басары Андрей Воропаев болгон.

Анын айтуусунда, авария болгон күнү 26-январда алардын бригадасына турбогенератор өчкөндүгү тууралуу билдирүү келип тушкөн.

“Биз бул бузулуунун себебин аныктап, аны кайра ишке киргизүү аракеттерин көргөнбүз. Андан кийин биз күмөн санап, башка генераторду ишке киргизүүнү чечтик. Бирок ал генератордун камералары кургатылган эмес болгондуктан, биз аны ишке киргизе албай калдык. Ошентип биринин артынан бири өчүп, иш токтоду. Буга чейин биз суу жетишсиз экендигине көңүл бурган эмеспиз, анткени биз ал жөнүндө кабардар эмес элек. Ошол күнү мен жумушта түнкү бирге чейин болгом”, - дейт ал.

Ошентип суунун жетишсиздиги жана ремонттун жоктугу авариянын негизги себеби болгон.

Воропаев белгилегендей, жылуулук борборду оңдоп-түзөөдө артыкчылык имаратка эмес, жабдыктарга жасалган. Ал эми имаратты оңдоого кошумча каражат бөлүнгөн эмес.

“Имараттын ичинде терезелер сынык болгон. Бул да болсо абалга терс таасир тийгизди. 2017-жылы ремонт жасоо максатында 2 тендер өткөрүлгөн, бирок 90 метр бийиктикте жасалчу жумуштарды көрүп, сынактын жеңүүчүлөрү иштен баш тартышкан”, - дейт мурунку инженер.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий