• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБдеги авария. Соттук отурум болгон жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда калаадагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иши боюнча ачык соттук отурум уланып, ага Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.

Отурумдун жүрүшүндө Айбек Калиевдин жакточусу Эрнис Саданбеков жок экендиги маалым болду.

"Жактоочунун жоктугу кылмыш ишин кароону создуктуруу аракети деп ойлойбуз. Мындай учурларды эске алуу менен Калиевге жана башка айыпталуучуларга мамлекеттик жактоочуларды дайындоону суранабыз", - деди прокурор.

Кийинки отурум шаршемби күнү өтөт.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ага байланыштуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, күнөө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий