• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария: Соттук отурум жактоочунун ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) болгон авария боюнча соттук отурум бүгүн өтүүдө.

Бирок соттук жыйын жактоочулардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Кесиптештери ооруканадан негиздеме алып келишкен.

Кийинки отурум 11-июнь күнү өтөт.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий