• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария: ЖКда депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматы угулуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов 2018-жылдын 2-февралында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, анын кесепетин жоюу чаралары 3-5 күнгө чейин созулганын, анын аркасы менен өлкөнүн энергетика тармагында орун алган кемчиликтер ачыкка чыкканын белгиледи. «Авария Бишкек ЖЭБдин реконструкцияланбаган жагында болду. 2015-жылы оӊдоо иштерине 417 млн сом, 2016-жылы 472 млн сом, 2017-жылы каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жумшалганын тиешелүү органдар кылдат текшерүү жүргүзүшү керек», - деди ал.

Депутаттык комиссия «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, өлкөнүн энерготармагындагы негизги обектилердин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте оӊдоолорду жүргүзүү, гидроэнергетикалык жана жылуулук- механикалык жабдууларды оӊдоо филиалын түзүү, «Электр станциялары» ишканасында кошумча башкы директордун техникалык орун басары кызмат ордун ачуу боюнча сунуштамалар берилгени белгилүү болду.

Андан тышкары, депутаттык комиссиянын иликтөө корутундусу УКМКнын Антикоррупциялык кызматына, Эсептөө палатасына жөнөтүлүп, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышы текшерилмекчи.

Ошондой эле, депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов депутаттык комиссиянын иликтөө жүрүшүндө эч бир тараптан кысым болгонун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).

Пикир

Оставить комментарий