• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюп, кадимки режимге түшүүсү үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керек

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.18 /Кабар/. Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюп, кадимки режимге түшүүсү үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керек. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда белгилүү болду.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт мүчөлөрүнөн Бишкек ЖЭБ канча убакыттан кийин кадимки режимде иштей баштай турганын сурады.

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев эки күндөн кийин кадимки режимге түшөрүн билдирди.

Анын сөзүнө анчалык ишенбей калганын айткан Премьер-министр Сапар Исаков депутатка Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюп, кадимки режимге түшүүсү үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керектигин билдирди. «Мен бир аз запасы менен убакыт сурап жатам. Баарын текшерип чыгууга убакыт керек. Иликтөө жыйынтыгы чыгары менен Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, тиешелүү чараларды кабыл алабыз», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий