• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авариянын негизги себеби ызгаар суук - күбө

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу соттук отурум өтүүдө.

Кезектеги күбө катары колдонуу боюнча башкы инженердин орун басары Алексей Шлопак суралууда.

Анын айтуусу боюнча, 26-январь күнү авария болгондо ал үйүндө болгон.

“Мага телефон чалышып, жумушка келүүнү суранышты. Келгенде от казандар суунун жетишсиздигинен өчүп баштаганын айтышты. Мен келген маалда 3 от казандын экөөсү иштебей калган”, - дейт Шлопак.

Андан тышкары ал, имараттын терезелери, дубалдардын кээ бир жерлери ачык болуп, имараттын 30%ы ачык болгонун кошумчалаган. Ал ЖЭБдеги авариянын негизги себеби катары от жагуучу цехте тосуучу дубалдын жоктугун жана ызгаар суукту атады.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий