• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө бир айдын ичинде аяктайт – Сагынбаев

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча мурдагыдай эле козголгон 5 кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган кылмыш иштери боюнча шектүүлөрдүн бардыгына айып тагылган жана алар шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

“Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертиза жана аудиттик текшерүүлөр дайындалган. Аларды жүргүзүү компетенттүү органдарга тапшырылган. Ошондой эле башка дагы тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул жерде миллиарддаган суммада ири коррупциялык схема аныкталгандыгын баса белгилеп кетейин. Дээрлик фактылардын көбү тастыкталды. Тергөө иштери бир айдын ичинде аякташы керек”, - деди Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий