• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБди модернизациялоого алынган негизги насыяны төлөө 2024-жылы башталат – Лаврова

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн Кытайдын Эксимбанкынан алынган жеңилдетилген насыянын негизги карызын төлөө 2024-жылы башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымында, насыяны төлөө мөөнөтүнө ылайык пайыздык өлчөмдөр дароо төлөнүп баштайт.

«Ал эми карыз жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин төлөнөт. Башкача айтканда 11 жылдан кийин. 2013-жылы алынган насыя 2024-жылы төлөнүп баштайт», - деди ал.

Өз кезегинде депутат («Республика-Ата Журт») Максат Сабиров Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору аяктаганбы жана насыядан каражат калганбы мына ушуга кызыкты.

Мамлекеттик Экотехиспекциясынын башчысы Канатбек Муратбеков долбоор аяктаганын, химиялык жана суу тазалоо цехтеринин курулуштары калганын белгиледи. Бирок бул курулуш модернизациялоо долбооруна кирген эмес.

«Электр станциялары» ААКнын директорунун биринчи орун басары Таалай Бектенов учурда насыядан калган каражаттын суммасы 25,5 млн долларды түзөрүн кабарлады.

«Андан 6 млн доллар химиялык суу тазалоону курууга кетсе, калганы ЖЭБди колдонууга бергенге чейин кепилдик катары калат», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий