• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБге 4 айда 280 миң тоннадан ашык көмүр алынып келинди

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборуна 4 айдын ичинде 280 миң тоннадан ашык көмүр алынып келинди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” Мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлайт.

“Июль айынан октябрга чейин Бишкек ЖЭБне “Кыргыз көмүр” ишканасы жана “Кавказ көмүр бассейнинин шериктигинин” түзүмүнө кирген он беш көмүр казуучу ишканалары менен биргеликте 263 миң 875,72 тонна көмүр ташылып келинген”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “Тегене” ЖЧК тарабынан Таш-Көмүрдөн Бишкек ЖЭБне 12 миң 983, 680 тонна көмүр алынып келинген.

Борбордук ЖЭБге түшкөн көмүрдүн көлөмү 1-ноябрга карата 276 миң 859, 40 тоннаны түзгөн. Кавказ көмүр бассейнинин кен казуучу ишканалары октябрь айында көмүр ташуу планын 100,1%га аткарган.

КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2018-2019 жылдарынын күз-кыш мезгилин өтүү үчүн Кавказ көмүр бассейнинен Бишкек шаарынын ЖЭБне 550 миң тонна жана Таш-Көмүр кенинен 50 миң тонна көмүр ташып келүү пландалууда.

Күз-кыш мезгилинде көмүр менен толук камсыз кылуу максатында өлкөнүн көмүр казуучу ишканалары тынымсыз иш алып барууда. Бардык жумуштар штаттык режимде жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий