• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Боронов Бишкек ЖЭБге жаңы химиялык тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен таанышуу үчүн барды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек ЖЭБге жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен жеке таанышуу үчүн барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыдыруу учурунда Кубатбек Боронов ошондой эле көмүр кампасынын курулушу, турбиналык жана буу казандар цехинин иши менен таанышты.

Ишкананын директору Андрей Воропаев станцияга отундун ташылышы, келерки жылытуу мезгилине карата ЖЭБде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Учурда турбиналык жана буу казандар цехин жылуулоо жана айнек салуу иштери аткарылууда, көзөмөлдөөчү-ченөөчү жабдуулардын алынып келиниши күтүлүүдө, негизги жана көмөкчү жабдуулардын ремонту графикке ылайык жүрүүдө», - деди директор.

Биринчи вице-премьер-министр алдыдагы жылытуу мезгилинде жылуулук жана жылуу суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык оңдоо иштерин өз учурунда жана сапаттуу аткаруу боюнча жыйынтыктоочу чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана оңдоо иштерин өз учурунда бүткөрүүнү тапшырды.

Кубатбек Боронов белгилегендей, жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушу жыйынтыкталган соң, тийиштүү мамлекеттик органдардын жана энргетикалык компаниялардын адистеринин катышуусунда комиссиялык кабыл алуу жүргүзүлүүсү тийиш.

Буга катар биринчи вице-премьер-министр жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулуш-монтаждоо иштеринин графигине ылайык ишке киргизилиши зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий