• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек ЖЭБги авария: Калиевдин адвокаты сотту четтетүүнү суранган, бирок сунуш канааттандырылган жок

Коом 0

Бишкек, 14.03.19 /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу соттук отурум өтүүдө.

Отурумдун башында жактоочулардын бири соттон баш тартып, аны четтетүүнү суранган. Анын мындай чечими кээ бир күбөлөрдүн суралбагандыгына байланыштуу.

"Сот айыпталуучулардын пайдасына көрсөтмө берип калышы мүмкүн делген айрым күбөлөрдөн сурак алуудан баш тартууда. Сот кошумча күбөлөрдү да суроодон баш тартууда. Мен судья Каиповду четтетүүнү суранам", – деп билдирди Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев.

Айбек Калиев өзү да бул суранычты колдоду.

"Келген эксперттер суроолорго жооп бере албай кайра даярданууга жиберилген, – деди судья Эмил Каипов. – Кийин алар кайра келгенинде, аларды эч ким сурабай койгон. Мен берилген бул сунушту колдоп, эксперттерди чакырып алардын суралышын өтүнөм".

Башка жактоочулар да бул сунушту колдошкон. Ал эми мамлекеттик айыптоочу каршы болгон.

"Мыйзамда соттон баш тартуу кайсыл учурларда колдонулаары тууралуу айтылган. Учурда себеп – күбөлөрдүн суралбашы. Ал жерде тизмеге кирбей калган эксперттер болгон. Биз көбүнө сотко келишине мүмкүнчүлүк бердик. Экспертиза жасаган адамдарды чакырып, алардан сурак алдык. Экспертиза коллегия түрүндө жүргүзүлгөндүктөн биз 3-4 адам жетиштүү деп эсептейбиз. Учурда жөн гана убакытты чою жүрүүдө”, - деди прокурор Тагаев.

Кеңешүүдөн чыккан сот бул сунушту канаттандырган эмес.

Пикир

Оставить комментарий