• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо штаттык режимде жүрүүдө – "Кыргызкөмүр"

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу штаттык режимде жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, жеке жана мамлекеттик 20 компания тарабынан шаардагы ЖЭБге 700 миң тонна көмүр ташылуусу керек.

"Учурда 431 миң тонна көмүр ташылды. Кийинки жылдын март айынын аягына чейин калган 269 миң тонна көмүрдү алып келүү пландалууда", - дейт ал.

Ашырбаев белгилегендей, көмүрдүн сапаты боюнча мониторингдин жыйынтыгында 3 компания ЖЭБге мындан ары көмүр ташыбайт.

Пикир

Оставить комментарий