• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Андрей Воропаев сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда ЖЭБдин директору Андрей Воропаев сурак берүүдө.

“Бизде болоттун маркасынын чиймелеринин деталдуу көрсөтүлүшү жок. Тегирмен иштен чыкканда ал чоң маселе болот. Кытайлар бизди "чөгөлөтүп" жатышат - биз баардык жабдыктарды алардан сатып алышыбыз керек, ал турсун биз өзүбүз оңдоо иштерин кыла албайбыз. Көйгөй өтө жай акырындан жоюлуп келе жаткан. Маселе дагы аягына чейин бүтө элек. Модернизацияга чейин көмүр 15%га көп сарпталчу. Орточо алганда 1 жылда 1 млн. доллар коротулган дегенде 10 жыл ичинде 10 млн. долларлык каражат сарпталган”, – деди Воропаев.

Анын айтымында, ЖЭБ кызматкерлери тарабынан модернизация жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча баардык чаралар көрүлгөн. Ал эми калган суроолор жетекчиликке берилиши керек.

Ал белгилегендей, модернизация боюнча маселе көп убакыттан бери иштелип келген. Аягында станциянын үчүнчү бөлүгүн оңдоо чечими кабыл алынган. “Станцияны толугу менен модернизациялоо мүмкүн эмес. Мен бул канча каражат талап кыларын билбейм. Маселе акчада эмес. Бүтүндөй станцияны модернизациялоо болсо да, ал физикалык жактан мүмкүн эмес”, - деди Воропаев.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий