• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Артыкбаевден сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумда айыпталуучулардын бири, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден сурак алуу уланууда.

Айыпталуучу адвокаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдиргендей, президент (мурдагы президент А.Атамбаев) 25-июнда ТВЕА төрагасын кабыл алуусун айткан. Энергетика министрлигинде аталган жолугушуу пландалган эмес болчу. Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында президенттин аппаратында жыйын болуп, анда Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо долбоорунда жалдануучу (подрядчик) катары кытайлык ТВЕА компаниясы тандалгандыгы тууралуу кытай тарап менен тиешелүү келишимге кол коюу боюнча Энергетика жана тышкы иштер министрлигине тапшырма берилген.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий