• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш. Айыпталуучулардын баары көрсөтмө берүүгө даяр – жактоочу

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, сот эки токтом чыгарган. Биринчиси – айыпталуучуларды сот залына мажбурлап алып келүү. Ал эми экинчиси – көрсөтмө берүүгө даяр айыпталуучуларды суракка алып баштоо.

"Азыр айыпталуучулар кароолдук жайдан чыгып, көрсөтмө берүүгө даяр. Учурда баардык айыпталуучулар көрсөтмө берүүгө аргасыз. Биз абалды түшүндүргөндөн кийин, алар көрсөтмө берүүгө макул болду", - деди ал.

Соттук отурум саат 14:00дө улантылат.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий