• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш: Чечимдер президенттин аппаратынан чыгып турган – Мамлекеттик айыптоочу

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Мамлекеттик айыптоочу белгилегендей, сотто суралган күбө Ачилдиевдин билдиргени боюнча ал, Мамэкотехинспекциясынын архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгында башкы инспектор болуп иштеген. ЖЭБдин модернизациясы алар караган объекттердин бири болгон. Бирок, модернизация тууралуу алар имараттарды бузуу иштери башталганда билишкен. Ошондо алар, курулушту баштардан мурда белгиленген тартип боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн баардык долбоордук уруксат берүүчү документтерди көрсөтүшү керектигин билдире баштаган.

"Мамэкотехинспекция бетон куюлуп жатканда көзөмөлүн жүргүзө баштады. Мындан улам алар объекттеги курулуш иштерин токтотууну пландалган. Бирок Калиев, бул маселе президенттин аппаратынын башчысы Исаковдун көзөмөлүндө экенин айтып, ишти токтотпоону билдирген. Андан кийин бул маселелерди чечүү үчүн алар тараптан кат даярдалган. Башкача айтканда алар КР өкмөтүнө эмес, Исаковдун өзүнө кайрылышкан. Бул ЖЭБди модернизациялоодо чечимдер президенттин аппаратынан чыгып турганын көрсөтүүдө", - дейт ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий