• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш: Исаков чет элдик жеке компания менен туруктуу кылмыштык байланыш түзгөн – Мамлекеттик айыптоочу

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Мамлекеттик айыптоочу белгилегендей, аталган иш боюнча бир топ кызмат жана башка адамдар өлкөнүн кызыкчылыктарына ири өлчөмдө – 5 млрд. 439 млн. 527 миң 482 сом зыян келтирген кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Айыптоочу тараптын айтымында, С. Исаков президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангындагы президенттин аппаратынын тышкы саясат башчысы кызматын ээлеп турганда, бийликтин ыйгарым укуктары, жогорку статусу бар жоопту кызматты ээлеген кызмат адамы катары башка кызмат адамдары жана бөлөк адамдар менен чет элдик жеке компания менен туруктуу байланыш түзгөн.

Исаков Кылмыш кодексинин 300-беренесинин 4-бөлүгү жана 303-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштар боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий