• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш: Мамлекетке которулган акчаны Артыкбаевдин ордуна башка адамдар берген

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылды.

Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков билдиргендей, ал жактап жаткан Осмонбек Артыкбаев үчүн, бир адамдар тарабынан зыяндын ордун толтуруу максатында КР Башкы прокуратурасынын депозиттик эсебине 100 млн сом төлөнгөн.

Жактоочу белгилегендей, айыпталуучу өзүнүн күнөөсүн мойнуна албайт. Зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген акчаны, Артыкбаев эмес башка адамдар берген. Ал, бул аракет Артыкбаев операция болгондуктан соттук жараян учурунда анын абалын жеңилдетүү үчүн жасалганын айтып өттү.

Ошондой эле жактоочу Артыкбаевдин жакын туугандарынын мүлкүн камактан чыгарууну өтүндү.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий