• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш: Сот бир нече күбөнү суракка алуу боюнча өтүнүчтү канааттандырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылды.

Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Жактоочулар, Е.Хафизов, М.Макелек жана А.Осмонжановду күбө катары суракка чакыруу боюнча өтүнүч келтирген.

Соттук коллегия кеңешип, кошумча күбөлөрдү суракка алуу боюнча өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырды. Сот Е.Хафизов, С.Адамкулова жана Наргозиеваны күбө катары суракка алуу боюнча өтүнүчтү канааттандырды.

"Калгандар боюнча өтүнүч канааттандырылган жок. ТВЕА компаниясынын өкүлү М.Макелек бул иште айыпталуучу болгондуктан күбө катары суракка алынбайт. Анын иши өзүнчө бөлүнүп каралат", - деди сот.

Ошондой эле сот, өтүнүч жактоочулар тарабынан келтирилгендиктен күбөлөрдүн келишин алар өздөрү камсыз кылаарын билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий