• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш. УКМК Атамбаевдин күнөөсү бар деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо кылмыш жасоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы боюнча материалдарды өзүнчө өндүрүш менен Башкы прокуратурага жөнөткөн. Бул тууралуу КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Самидин уулу Сагынбек билдирген.

“Иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 319-берене ("Коррупция") менен катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Атамбаевдин тиешеси боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий