• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Дагы эки күбө сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо тууралуу ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда “Азия өнүктүрүү банкынын” кызматкери Самат Алдеев күбө катары чакырылган. Анын айтымы боюнча, Азия өнүктүрүү банкынын алкагында ЕРС келишимдер болгон.

Кийинки күбө “Электр станциялар” ишканасынын оңдоо жана эксплуатация департаментинин ошол кездеги директору, учурдагы пенсионер Аалы Төлөбеков болду.

“Модернизация боюнча эч нерсе айта албайм. Анткени ал менин милдетиме кирген эмес. Ошол кезде Авазов менен Назаров жетекчи болгон”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, ЖЭБди модернизациялоо – бир гана анын кубаттуулугун көбөйтүү эмес, туруктуу ички жумушту түзүү. ЖЭБ электр энергиясын да, жылуулук энергиясын да берүүгө ылайыкталган.

Кийинки отурум 17-июль күнү өтөт.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий