• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Эксперт, насыя келишими өлкө кызыкчылыгына каршы түзүлгөн деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн сотто эксперттер сурак беришүүдө. Учурда суракка эксперт Жаныбек Турумбеков чакырылган. Ал аудит жүргүзгөн. УКМКнын токтомуна ылайык, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча аудит жүргүзүү керек болгон. Анын ичинде түзүлгөн контракт жана тандалып алынган EPC ыкмасы боюнча аудит жүргүзүлгөн.

"EPC ыкмасын тандоодо Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынган эмес. Техникалык сунуштама насыя алууга негиз болгон эмес. Толук кандуу техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу керек болчу. Милдеттүү түрдө ишти аткара турган компанияны тандоо боюнча тендер өткөрүү кажет эле", - деди ал.

"Биздин жарандарга төлөнгөн маяналарынын тизмеси жазылган документтер бар. Жалпысынан ага 23 млн доллар кеткен. Бирок бюджетке бир да чегерүү жок. Кытай тарап бюджетке төлөм болбогону боюнча даана жооп бере алган жок. Болгону салыктан бошогондугу тууралуу кагазды көрсөттү. Бул маселени эч ким караган эмес. Кытай тараптан жумушчулардын саны дээрлик 600-700 киши болсо, кыргыз тараптан 160-200 киши болгон. Ал келишимдин шарттарына каршы келет", - деди ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий