• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: "Электр станциялар" ААКнын жетекчисинен да сурак алуу пландалууда - прокурор

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.05.19. /Салтанат Абдраев - Кабар/. "Электр станциялар" ААКнын жетекчисинен да сурак алуу пландалууда. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Үмүт Конкобаева Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча өтүп жаткан соттук отурумдан кийин кабарчыларга билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бүгүн Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча жүрүп жаткан соттук процесс уланды. Бул отурумда айыпкерлер жана алардын жактоочулары тарабынан 6 өтүнүч келтирилди. Ал өтүнүчтөрдүн бардыгы мыйзам чегинде чечилди.

"Мындан сырткары, соттук отурумда "Электр станциялар" ААКнын мыйзамдуу өкүлдөрү суракка алынып жатышат. Анткени, биз буга чейин маалымдагандай, бул жерде 20дай жактоочу, 8 айыпкер жана мамлекеттик айыптоочулар тарабынан суроолор берилип, азыркы учурда толук соттук териштирүү жүрүүдө",- деди ал.

Прокурор билдиргендей, бүгүн жумуш күн аяктагандыктан, отурум 22-майда уланат. Мындан сырткары да айта кетчү нерсе, бул отурум ачык, айкын жүрүп жатат. Сот тарабынан аудиожаздырууга уруксат берилип, жаздыруу жүрүүдө, деп кошумчалады ал.

"Жактоочулардын суралган жабырлануучу тараптын өкүлдөрү бир да суроого жооп бере алган жок деген сөздөрү чындыкка жатпайт. Бул жерде сурак жүрүп жатат. Экинчиден, ал өкүлдөр күнүгө эле соттук отурумдарда жүрбөгөндүктөн кичине толкунданып, кээ бир жооптор толук болбой калышы мүмкүн. Бирок, негизги 111 млн доллар, 386 млн доллар, мамлекетке канча көлөмдө зыян келтирилген деген сыяктуу суроолорго эксперттердин корутундусуна таянып айтып беришти. Сурак уланууда. Эгер жактоочуларга да кандайдыр бир маалыматтар керек болсо алар эмки соттук отурумда алып келип берүүгө милдеттеме алышты",- деди Конкобаева.

Мамлекеттик айыптоочу "Элект станциялар" ААКнын жетекчисинен да сурак алуу пландалууда деп билдирди.

Эскерте кетсек, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун даярдоодо, кол коюуда жана ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча эксперттердин тыянагына ылайык, мамлекетке жалпы 5 млрд. 439 млн. сом зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий