• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Энергетика тармагындагы маселелерди чечүү үчүн өкмөт бир катар каржы институттар менен жолугушкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.19./Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин сурагы уланууда.

Сатыбалдиев билдиргендей, ал жылдары өлкөдө энергия менен камсыз кылууда абал кыйын болчу. Маал-маалы менен жарыкты өчүрүү болуп турган. Ал маселени чечүү үчүн өкмөт бир катар каржы институттары менен жолугушкан. Узак мөөнөттү насыяларды берүүдө башкы шарт тарифтерди көтөрүү болуп, көп долбоорлор узак мөөнөткө эсептелген. Кыргызстан мындай долбоорлор боюнча көбүнесе өнөктөш мамлекеттерге – Россия менен Кытайга кайрылчу.

Ал, анын өкмөтү 2014-жылдын 26-мартында кызматтан кеткендерин айтты. Мурдагы өкмөт башчы белгилегендей, насыя 2014-жылдын июнь айында алынып, курулуш иштери 2015-жылы башталган.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий