• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Исаков отурумга келди, айыпталуучулардан сурак алуу башталат

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачык соттук уланууда. Отурумда судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Судья танапистен кийин айыпталуучулардан сурак алуу баштала тургандыгын билдирди. Сурак алуу айыпталуучулардын тизмеси аркылуу жүргүзүлөт.

Танапистен соң Сапар Исаков отурумга келген.

Биринчилерден болуп Исаков сурак берүүдө. «Мен сурак берүүгө даярмын. Анткени бул менин кызыкчылыгымда», - деди айыпталуучу.

Эске сала кетсек, мурда аталган иш боюнча айыпталып жаткандар жараянга катышуудан баш тартып жатышкан. Алар күбөлөр Е. Хафизов жана Г. Асанованы суракка алууну сурап жатышкан болчу. Айыпталуучулар С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, А.Калиев, С.Авазов жана Т.Бримкулов конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай жатышкан. О.Артыкбаев, Ж.Назаров жана О.Лавровалар өз ыктыярлары менен сурак берүүгө макул болушкан.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий