• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Айыпталуучулар ТВЕА компаниясынын тажрыйбасы жоктугун эске алган эмес

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Мамлекет айыптоочу билдиргендей, ТВЕА компаниясынын эл аралык тажрыйбасы болгон эмес.

Анын айтымында, Исаков, Калиев, Авазов, Назаров жана алардын шериктери өзүнүн кылмыштык максаттарын көздөп, ТВЕА компаниясынын бул өңдүү долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы, керектүү жабдыктарды чыгаруу боюнча заводу болбогонун, электр линияларынын курулушу, трансформатордук жабдыктарды жана башка бул тармактагы шаймандарды чыгаруу менен алектенерине, тармактык компания болбогонуна көңүл бурган эмес.

"Мындан улам ал компания баштапкы квалификациялык талаптарга туура келген эмес", - дейт ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий