• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Айыпталуучулар өз пайдасы үчүн чет элдик жеке компанияга артыкчылык берген

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Мамлекеттик айыптоочу тарап билдиргендей:

Ж. Сатыбалдиев КР өкмөт башчы кызматын ээлеп турганда, бийликтин ыйгарым укуктарына ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө пайда жана артыкчылык берүүгө багытталган бир топ адамдардын аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

О. Артыкбаев КР энергетика жана өнөр жай министри кызматын ээлеп турганда, кызмат адамы катары бийликтин ыйгарым укуктарына ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай, башка адамдар менен бирге чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерди көрүп, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

С. Авазов "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору болуп, мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектте башкаруучу ыйгарым укуктарына ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк бир топ адамдар менен бирге чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерди көрүп, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

Ж. Назаров "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун орун басары катары мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектте жетекчилердин биринин ыйгарым укуктарына ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн, кызмат адамдарынын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда жана артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

Т. Бримкулов "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору катары, 2013-жылдын 16-июлунда контракттык макулдашууга ылайык Бишкек ЖЭБиндеги иштердин жүзөгө ашырылышы үчүн атайын түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн башчы болуп, башкаруучу ыйгарым укуктарына ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк адамдардын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

Ошентип алар Кылмыш кодексинин 300-беренесинин 3-бөлүгү жана 303-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштар боюнча айыпталууда.

А. Калиев кызматы адамы катары бийликтин ыйгарым укуктарына ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк адамдардын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

Андан тышкары Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору аяктагандан кийин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга байланышкан оор кылмыш жасаган;

Ал Кылмыш кодексинин 300-беренесинин 3-бөлүгү жана 303-беренесинин 2-бөлүгү жана 183-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштар боюнча айыпталууда.

О. Лаврова КР каржы министри болуп турганда кызматы адам болуп, кызмат абалын пайдаланып мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк адамдардын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

Ал Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштар боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий