• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Айыптоочу тарап айыпталуучуларга кошумча жаза берүүнү өтүндү

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда. Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Бүгүн отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Биринчи болуп мамлекеттик айыптоочулар чыгып сүйлөөдө.

Отурумда прокурор Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясын алар келтирген сунуштаманы канааттандырууну өтүндү:

1. Свердлов райондук сотунун С. Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин калтыруу. Жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн алып салуу, мүлкүн конфискациялоону колдонуу.

2. А. Калиевге 17 жылга эркинен ажыратуу жазасын кароо.

3. Ж. Сатыбалдиевди 2017-жылдын 2-февралындагы КР Кылмыш кодексинин 42-берене жана 319-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп таап, ага 11 жыл 3 ай эркинен ажыратуу жазасын колдонуу, мүлкүн конфискациялоо, 3 жылга мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратуу, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн алып салуу.

4. С. Авазовго карата жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн алып салуу, мүлкүн конфискациялоо. Авазовду ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу.

5. Ж. Назаровго карата кошумча мамлекеттик органдарда кызмат ээлөө укугунан ажыратуу жазасын колдонуу, ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу.

6. Т. Бримкуловго карата кошумча мамлекеттик органдарда кызмат ээлөө укугунан ажыратуу жазасын колдонуу, ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу.

7. О. Лаврованы 2017-жылдын 2-февралындагы КР Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу. 3 жылга мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратуу, ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу.

8. О. Артыкбаевди ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу. Кошумча мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратуу жазасын колдонуу.

Анын менен бирге айыптоочу тарап жактоочулар менен айыпталуучулардын аппеляциялык арызын канааттандыруусуз калтырууну өтүндү.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий