• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Айыптоочу тарап райондук сот айыпталуучуларга кандай чараларды колдонбогонун айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда. Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Бүгүн отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Биринчи болуп мамлекеттик айыптоочулар чыгып сүйлөөдө.

Мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеевдин айтымында, Осмонбек Артыкбаевге карата кошумча мамлекеттик органдарда кызмат ээлөө укугунан ажыратуу жазасын берген эмес. Ал белгилегендей, Артыкбаев кылмышты КР энергетика жана өнөр жай министри болуп турганда жасаган.

Ошондой эле ал белгилегендей, сот Артыкбаев, Ж. Назаров жана Т. Бримкуловго карата аларга берилген ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу сыяктуу кошумча чараларды колдонгон эмес.

Ошондой эле анын айтымында, сот С. Авазовго карата ардактуу наам, класстык чин, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу сыяктуу кошумча жазаны, мүлкүн конфискациялоо чарасын колдонгон эмес.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий