• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Эксперттер сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум башталды. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Азыркы учурда эксперт Олеся Реут чакыртылган. Анын айтуусунда, тергөөнүн алкагында ЖЭБдин архивдик материалдарын кароого мүмкүндүк берилген, башкача айтканда, эксперттерге сметалык документтер, келишимдик макулдашуулар жана башка материалдар көрсөтүлгөн.

"Бизге сметалык документ кайсы иштердин негизинде түзүлгөндүгүн далилдей турган иштер көрсөтүлдү. Ага байланыштуу кытайлык TBEA компаниясы Кыргызстандын нормативдерине туура келе турган документтерди көрсөткөн жок, биз өзүбүз жасаганга туура келди", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий