• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Исаков ТВЕА өкүлдөрү менен өз ара алака түзгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Мамлекеттик айыптоочу Элмира Жумашова билдиргендей, өкмөттүн 2008-жылдагы токтому менен 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасынын долбоору жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясы бекитилген. Жогорку Кеңештин кабыл алган токтому менен аталган документтер жактырылган. Ал документтерде көрсөтүлгөндөй, орто мөөнөттүк мезгилде иштеп жаткан жана жаңы кубаттуулукту курууга инвестиция керектиги көрсөтүлгөн. Реабилитация боюнча объектилерге Бишкек ЖЭБи кирет жана ага бааланган инвестиция 2 млрд сомду же 50 млн АКШ долларын түзөт. Ошентип, Улуттук энергетикалык программа шаардагы ЖЭБди реабилитациялоого 50 млн АКШ долларын сунуштаган. 2010-жылдын башында Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинде ЖЭБди 150 млн. долларга реабилитациялоо сунушталган. КР өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында 2013-2017-жылдары ЖЭБде 150 млн долларга оңдоп-түзөө иштерин өткөрүү сунушталган. 2013-жылда ЖЭБ модернизациялоо долбоору 386 млн АКШ долларына бааланган.

Исаков Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинде коммуникация кызматынын жетекчиси кызматын, Калиев ошол эле жакта эксперт кызматын ээлеп турганда Бишкек шаарынын ЖЭБнин долбоору тууралуу кабардар болушкан, анда болжолдуу баасы 150 млн АКШ доллары болгон.

Ошондой эле ал Исаковдун визиттерге болгон даярдыкта катыштыгын айтты. "Исаков 2011-2013-жылдар аралыгында КР өкмөт аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген, андан соң президенттин аппаратын жетектеп, премьер-министрлердин жана өлкө башчысынын КЭР болгон визитин даярдаган. Ошондой эле ал расмий делегаттардын катарында болуп, КР аймагында ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаган алдыңкы кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларга катышкан. 2012-2013-жылдары аткарылган иштердин жыйынтыгында ШКУнун алкагында Кыргызстанга ири энергетикалык долбоорлорго акча тартуу боюнча Кытай жетекчилиги менен макулдашуу жетишилген. ТВЕА компаниясы ошол кезде өлкөнүн түштүгүндөгү ЭӨЛ модернизациялоо долбооруна башкы подрядчик катары тартылган болчу. Аталган долбоорлор КР өкмөтүнүн кепилдиги астында Кытайдын экспорт-импорттук банкы тарабынан берилген насыянын эсебинен каржыланган. Исаков аталган процесстин алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын бардыгына катышып, кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен алака түзгөн, кийин аталган алака туруктуу мүнөзгө ээ болгон. 2013-жылы ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбооруна катышуу боюнча сунуш киргизилген", - деп билдирди мамлекеттик айыптоочу.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий