• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Исаков өзүнүн милдетине кирбеген чарба маселелерине киришкен – күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.08.19./Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев сурак берүүдө.

Анын айтымында, 2013-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңешке өкмөттүн токтом долбоору ратификация үчүн келип түшкөн. Президенттин аппараты ЖКнын эл аралык комитети аркылуу аны колдоону суранган. Себеби, үч күндөн кийин Бишкекке Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин расмий сапары менен келмек.

Парламент ал долбоорду колдоп берген.

"ЖЭБДи оңдоп-түзөө керектиги тууралуу маселе мурда эле айтылгандыктан ал долбоорду колдогонбуз. Эгер өзүбүздө акча болбой, бизге келип жаткан каражаттан баш тартсак, ал Бишкек шаарынын тургундарына карата каршы аракет катары бааланмак. Ошентип долбоорду колдоп бердик", - деди ал.

Иманалиевдин айтымында, аткаруучу компанияны тандоо президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун жетекчилигинин алдында өткөн. Ал Кытайдын өкүлү Цин Е Лонг менен 18 ирет жолуккан.

Ал бул маалыматты Ак үйдүн өткөрмө кеңсесинен алган.

"Баардык кадр, инвестиция, экономикалык өңдүү ж.б. маанилүү, олуттуу маселелер КР президенти тарабынан чечилген. Ал эми Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, анын милдетине кирбеген чарба маселелерине киришкен. Эгер кээ бирөөлөр сүйлөшүүлөр менен жолугушууларга бир-эки ирет катышса, Исаков дайыма катышкан. Долбоор 7 жылга созулган. Бул жылдары ал бийликте болуп, баардык жолугушууларга жана башка иш-чараларга катышкан", - деди ал.

Иманалиев белгилегендей, ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечимдерди кабыл алууну президенттин аппараты менен өкмөт караган. Саясий жагы – президенттин аппараты, аткаруу жагы – өкмөт.

Депутаттын айтымында, бул долбоор Кыргызстан үчүн керек болгон. Бирок, кептин баары анын суммасында болууда.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий