• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Мамайыптоочу райондук соттун Исаков, Калиев жана Сатыбалдиевге карата чыгарган өкүмүн жумшак деп эсептейт

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда. Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Учурда кезектеги отурум уланууда.

Бүгүнкү отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Биринчи болуп мамлекеттик айыптоочулар чыгып сүйлөөдө.

Мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеевдин айтымында, мамайыптоо Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими төмөнкү себептен улам өзгөртүлүшү керек:

1.Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөшү керек. Бирок, КР Жазык-кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, күчөтүлөн тартиптеги түзөтүү колониясы жок, ошондуктан бул жерде соттук өкүмү аткарууга жатпайт.

Асакеевдин айтуусуна караганда, Айбек Калиевге карата чыгарылган өкүм да өзгөртүүгө жатат. Анткени, ал аталган кылмышты жасоодо негизги ролду ойногон. Ал "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө баштан-аягына чейин кылмыштуу планды жүзөгө ашырууну көзөмөлдөп турган.

Прокурор билдиргендей, мамлекеттик айыптоочу Жантөрө Сатыбалдиевди күнөөлүү деп таап, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сураган. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт деген өкүм чыгарышын суранган.

Бирок, сот Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий