• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Отурум уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумда тараптардын жарыш сөзү уланууда. Бүгүн жарыш сөздө "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын мурдагы башчысы Айбек Калиев менен анын жактоочусуна сөз берилүүдө.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Белгилей кетсек, жарыш сөздүн башталышында чыгып сүйлөгөн мамлекеттик айыптоочу:

- Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго 15 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, мүлкүнөн ажыратуу, дипломатиялык рангын, Манас орденин алуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

- Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратуу, баардык мамлекеттик сыйлыктарын алуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

- "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен жана мүлкүнөн ажыратуу, баардык мамлекеттик сыйлыктарын алуу жана айыппул иретинде унааны сатуудан түшкөн 1 млн сомду мамлекеттин эсебине алуу;

- "Электр станциялары" ААКсынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратуу, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

- "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратуу, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

- "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратуу, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

- Мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жана баш коргоо чарасын өзгөртүп, сот залында камакка алуу;

- Мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаевге 5 млн сом айып салып, сот залынан бошотуу чечимин чыгарууну суранган.

Пикир

Оставить комментарий