• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.19./Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто айыпталуучулардан сурак алуу жараяны жүрүп жатат. Бүгүн Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев көрсөтмө берип, иштин материалына байланыштуу берилген суроолорго жооп берди.

Кийинки отурум 11-октябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий