• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбө эмнеге башка компаниялар менен келишим түзүлбөгөнүн айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөрдүн сурагы уланууда.

Учурда "Электр станциялары" ААКсынын тышкы байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчсысы Маматмуса Үкүбаев суралууда.

Анын айтымында, СМЕК компаниясы тараптан техникалык экономикалык негиздеме берилген - 356 млн. долларлык баадагы сунуш.

"Авазов жабдуу боюнча билүүмдү тапшырды. СМЕК, TBEA'нын баа сунушун көчүрүп алып, алар окшош болгон. Мен жетекчиге, СМЕК башчысы Казакстанда жоопкерчиликке тартылганын билдиргем. Биздин экспортту күрөөгө коюубузду сураганы ойлондурду. Биз ага жол бере албайт болчубуз. "Интер РАОнун" сунуштары да бизге ылайыктуу болгон эмес. Алар биргелешкен өндүрүш ачып, тарифти көтөрүүбүздү каалаган. Бул абалда кытайлык TBEA компаниясы оңтойлуу болгон", - деди ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий