• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбө Калиев кантип “Тойота Лэнд Крузер” автоунаасын сатып алгандыгын айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда “Чакан ГЭСтин” мурунку директору Арлан Осмонжанов көрсөтмө берүүдө. Анын айтымы боюнча, 2013-жылы ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча топту (МБТ) жетектеген.

Ал билдиргендей, ага ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек кайрылып, 4 унааны “Тойота прадо” жана “Тойота Лэнд Крузер” сатууну суранды. Анткени, долбоор аяктаганда аларды сатуу керек эле.

“Ал чалып, “Тойота Ленд Крузер” унаасы сатылгандыгын айтып, аны Калиевдин атына каттоону суранды. Биз, айдоочум менен баардыгын ал айткандай кылдык. 2018-жылы мен Айбек Калиевдин атасынан 10 миң доллар алдым. Бирок, ал унаа Калиев кармалганда аны менен кошо атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген”, - деди Осмонжанов.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий