• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбө кымбат жабдыктарды сатып албаса деле болоорун билдирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн күбө катары ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу сурак берген.

Анын айтуусу боюнча, модернизацияга алынган 386 млн. доллар абдан жогорулатылган жана ал сумма кайдан пайда болгондугу белгисиз.

“Долбоордун так баасын чыгаруу мүмкүн эмес эле, анткени долбоордук-сметалык документ керек болуп, бирок, ал жүргүзүлгөн эмес”, - дейт ал.

ЖЭБдин мурунку жетекчиси айткандай, сөзсүз эле кымбат баалуу жабдыктарды алуу шарт эмес болчу. Кыйла арзан жана ошондой эле сапаттуу жабдыктарды тапса болчудай эле.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий