• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбөлөр сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөр сурак берүүдө. Күбө катары Каржы министрлигинин адиси Азамат Садыгалиев чакырылган.

Анын айтымында, 2014-жылдын 11-мартында насыялык документтердин баардык топтому даяр болгондугу тууралуу кат даярдалган, бирок, "Электр станциялары" ААКсы менен Каржы министрлигинин ортосунда макулдашуу болгон эмес.

Ал белгилегендей, 14-июнь күнү Энергетика министрлиги Каржы министрлигине кат жөнөтүп, ал кат 19да келген. Ал насыяны түзүү үчүн тиркеме пакети менен болуп, анын ичинде 75 барактуу техникалык-экономикалык негиздеме, атайын отчет ж.б. болгон.

"27-июнда мага документти аткарып башташымды билдиришти. Ал тиркемелер биздин билдирүүгө тиркелиши керек болчу. Биз тиркемелерди кытай тарапка жөнөтүп-жөнөтпөгөнүбүз эсимде жок",- деди ал.

Аны менен бирге ал насыя жеңилдетилген насыя болгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий