• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбөлөрдүн сурагы уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдүн сурак берүүсү уланууда. Суракка "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору Таалайбек Толубаев чакырылган.

Ал 2013-жылы Токтогул ГЭСинде иштегенин белгиледи.

"Бул долбоордун ишке ашырылышын модернизацияны башкаруу тобу караган. Ал мен келгенге чейин түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө ЖЭБдин модернизациясы боюнча көп эскертүү бар. Аткаруучу тарап аны жоюп жатат. 35 млн долларга жакын каражат төлөнө элек жана колдонула элек. Азырынча талаштуу учурлар бар. Ошондуктан алар качан төлөнөрү чечиле элек", - деди ал.

Анын айтымында, модернизацияны башкаруу тобу "Электр станцияларынын" башкы директору Авазов тарабынан түзүлгөн.

"Бүгүнкү күнү жаңы блокторду сыноо жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн түндүгүн 300 МВт кубаттуулук менен камсыздай алар-албастыгыбыз белгилүү болот. Жумуштун негизги бөлүгү аяктаган. Азыр кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий