• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Азыркы кезде ЖЭБдин ошол кедзеги директорунун орун басары Осмонбек Бакиев көрсөтмө берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, 26-апрель күнү ТВЕА компаниясынын жана ЖЭБдин адистеринин чогулушу өткөн. Ошол жерден катышуучулар техникалык тапшырманын протоколун макулдашышкан.

“Мен - адисим боюнча энергетикмин. Менин ишим боюнча эч кандай нааразычылыктар болгон эмес. Көбүнчө нааразычылыктар техникалык жактан болгон, ал жерде атайын адистер эскертүүлөрдү беришкен. Биз ЖЭБ модернизациясынын долбоорун ишке киргизүүгө даярдык тууралуу маселени коюп келгенбиз. Долбоорду ишке киргизүүгө талапкер катары дагы бир кытай компаниясы жана россиялык “Интер РАО” компаниялары каралган”, - дейт күбө.

Ошондой эле О.Бакиев белгилегендей, макулдашуу баракчасын толтурууда баардык эскертүүлөр киргизилип, жумуштун көбү аткарылып калган.

“Бир гана жагы – бизден батыраак бүткөрүүнү суранышкан. Айта кетчү нерсе, баардык эскертүүлөр ошондой эле келишимдин басымдуу бөлүгү да эске алынган”, - дейт ал.

Ал баса белгилегендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемедесинде деталдуу смета көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле күбөнүн айтуусу боюнча, бул документти иштеп чыгууга көп жылдар кетүүсү мүмкүн.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий