• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда “Электр станциялар” ишканасынын тышкы байланыш бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Маматмуса Укубаев сөз сүйлөөдө.

Анын айтуусу боюнча, ТВЕА үчүн техникалык экономикалык негиз жалпы жумушту аныктоо жана кредит алуу үчүн керек болчу.

“Элчилик бизге ТВЕА компаниясын тандоону айтып баштаганда, бул негизги вариант экендиги түшүнүктүү болду”, - дейт күбө.

Укубаев кошумчалагандай, баардык ноталарда ТВЕА долбоордун негизги аткаруучусу экендиги көрсөтүлгөн.

“Кытай компаниясы өздөрү менен кошо ШКУ линиясы боюнча кредит алып келишээри тууралуу бизге январь-февраль айларында эле маалымдашкан. Биз маалымат кат жазып, анын ичинде дагы көп компаниялар аталып, эң жакшы шарттар ТВЕА компаниясы тарабынан сунушталган”, - дейт Укубаев.

Кийин ал кошумчалагандай, 8-июль күнү ТВЕА компаниясы менен контракт боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан.

Эскерте кетсек, "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ага байланыштуу мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий