• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кийинки отурум 22-июнда өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.20./Кабар/. Бүгүн Жогорку сотто Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өттү.

Сотто Жаңыл Мамбеталы төрагалык кылууда.

Процессте жаңы дайындалган мамлекеттик жактоочу Тимур Карабаев азырынча ал мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоого кирише албай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, сот Исаков кармалып жаткан мекемеге кайрылып, Исаковдун анын кызыкчылыгын мамлекеттик жактоочу коргоосуна макул бекенин же өзүнүн мурдагы жактоочусу анын кызыкчылыгын коргоосун кааларын же негизи эле жактоочудан баш тартабы деген маселе боюнча кат жүзүндөгү позициясын билүү керек.

“Андан кийин ага жараша чечим кабыл алуу керек. Ал процессуалдык маселе чечилгенге чейин бул ишти кароо мүмкүн эмес деп эсептейм. Себеби ал Конституция жана Кылмыш-процессуалдык кодексин бузат. Ошондой эле Кылмыш-процессуалдык кодекси мен жактап жаткан адамга каршы келе турган позицияда болуума тыюу салат. Азыр мен анын позициясын билбейм жана милдеттеримди аткарууга кирише албайм”, - деди ал.

Сот Жаңыл Мамбеталы, мамлекеттик жактоочу ордерин көрсөтпөгөнүн айтып, ордер көрсөткөндөн кийин жактоочуда соттук ишке киришүүгө укугу пайда болорун эскертти.

“Бирок сиз ордерди көрсөтпөй туруп, процесске киргизиле элек жатып өзүңүздүн укуктук позицияңызды айтып, шарт коюп жатасыз. Соттук отурумдун толук кандуу катышуучусу болуш үчүн ордерди көрсөтүп, андан кийин өтүнүч келтирип, каршы пикир ж.б. айта аласыз”, - деди ал.

Сот билдиргендей, фигурант өзү жактоочудан баш тартса да сот ага жактоочуну дайындап бериши керек.

Отурумда түшүнүксүз абал жаралгандыктан соттук коллегия дүйшөмбү күнгө чейин тыныгуу жарыялады. Кийинки соттук отурум 22-июнь күнү саат 14:00дө улантылат.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковдун жактоочусу З. Жоошев Исаков менен аны коргоо тууралуу макулдашуу узартылбаганын билдирген. Анын айтымында, макулдашууну узартуу үчүн ал Исаков кармалган тергөө абагына кире албац жатат. Анын тергөө абагына киргизилбей жатканынын себеби ал ПЧР анализ тапшырышы керек. Бирок ал ПЧР анализ тапшыруудан баш тартууда.

Буга чейин Сапар Исаковго дайындалган биринчи мамлекеттик жактоочу Исаковду коргоодон баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий