• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кубө Калиевдин атына долбоордогу коррупция тууралуу арыз жазган

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн күбө катары ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу сурак берүүдө.

Анын айтымы боюнча, ал модернизация боюнча президенттин атына арыз жазган. “Мен коррупция, мыйзамсыз жумуштан кетирүү жана башкалар тууралуу арыз жазгам”, - деди ал.

Айбек Калиевдин айтымы боюнча, Нурлан Өмүркул уулу анын атына арыз жазып, чара көрүүнү өтүнгөн. Андан кийин Калиев сотко кайрылып, Нурлан Өмүркул уулунун жөн гана ага карата таарынычтары бар экендигин айтып, көңүл бурууну суранган.

Сот Калиевдин сөзүн бөлүп, учурда талаш сөз процесси эмес, ошондуктан бул жерде күбөнүн сөзүн талдабай, ага суроо берүү керек экендигин айткан.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий