• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Нурлан Өмүралиевдин сурагы уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча ачык отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн "Электр станциялары" ААКсынын мурдагы кызматкери Нурлан Өмүралиевдин сурак берүүсү улантылды.

Анын айтымында, ал TBEA компаниясын тандоого каршы болгону менен документке кол койгон. Болбосо ал кызматынан ажырап калмак.

"Ал менин компаниямдын тандоосу болгон. Бирок менин пикирим аны менен бир болгон эмес", - деди күбө.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий