• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.19./Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө.

Мурдагы министр ал кантип министр кызматына дайындалганын, ал кызматта эмне иш аткаргандыктарын ж.б. айтып берүүдө.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий