• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Прокурорлор айыпты окууну улантышууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланууда.

Отурум өтүп жаткан бөлмөнүн ичинде 50дөн ашуун айыпталуучулардын тарапташтары, туугандары жана ММКнын өкүлдөрү чогулган.

Соттук отурумда судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Прокурорлор мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевдин айыптарын угузуп, учурда мурунку Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айыбы окулууда.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий