• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Ратификация үчүн добуш берүү "команда" боюнча өткөрүлгөн - Кулов

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Суракка Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Феликс Кулов чакырылган.

"Бизге, "кытайлыктар бизди чечим кабыл алуу боюнча шаштырып жатышат" деп айтылып, ошол себептен ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ратификациядан өткөрүү тез арада каралган. Ушундай насыяларды "табуу" Атамбаевдин эмгеги болду. Кытайлык компаниянын пайдасына чечим кабыл алынышына убакыттын тардыгы жана ал маселени президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков көзөмөлдөгөндүгү негиз болгон", - дейт Кулов.

Ал белгилегендей, ратификация тууралуу мыйзамга президенттин аппаратынын "командасы" боюнча добуш беришип, бирок андан тышкары тиешелүү өкмөттүн токтомдоруна жараша иш жүргүзүшкөн.

"Биз ал жерде эч бир жаман нерсе көргөн эмеспиз. Ратификацияда эч кандай жаман нерсе жок жана депутат күнөөлүү дегенге да болбойт. Албетте, эгер экспертиза жүргүзгөндө долбоордун баасы төмөнүрөөк болушу мүмкүн эле. Ат тиштер 600 долларга сатылып алынганына депутаттар жооп бербеши керек. Ага аны сатып алгандар жооптуу", -дейт мурдагы депутат.

Кулов белгилегендей, жоопкерчилик аткаруучунун моюнунда турат.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий